МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги
XXVII сессиясы
2020-жылдын 04-марты № 290
С.Турганбаев көчөсүнө шагыл төгүүгө каражат бөлүү жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С.Турганбаев көчөсүнүн жашоочуларынын арызында белгиленген жолдун шагыл төгүүгө муктаж экендигин эске алуу менен 100 миң ( жүз миң ) сом каражат бөлүп берүүнү сураган арызы канааттандырылсын.
2. С.Турганбаев шагыл төгүүгө Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен а100 миң ( жүз миң ) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |