Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-марты № 291
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жыл үчүн бекитилген бюджетинин балдар -бакчаларынын ата-энелер төлөмүнө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2020- жыл үчүн бекитилген бюджетинин балдар-бакчаларынын ата-энелер төлөмүнүн тиешелүү статьясына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул бухгалтердик операциянын мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |