Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-марты № 293
СOVID-19 коронавирус жугуштуу илдетин алдын алуу жана болтурбоо максатында бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуу каты менен таанышып, Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 22-мартындагы өзгөчө кырдаал жарялангандыгынан улам. «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл аймагында СOVID-19 коронавирус жугуштуу илдетин алдын алуу жана болтурбоо үчүн айыл аймагынын көчөлөрүн залалсыздандыруу жана калктты колдоо максатында Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
Аппарат бөлүмүнөн :
-8 март майрамына 34 000 сом
-Нооруз майрамына карата 30 000 сом
-1 май майрамына карата 19 000 сом
-Ички жолдорду ремонттоого долбоорун даярдоо боюнча – 300 000 сом
Коммуналдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнөн
-Т.Жээнбеков , Көлдүк, жана А.Уркүнбаев көчөлөрүнүн түнкү жарыктарын оңдоодо 67 000 сом
Маданият бөлүмүнөн
-Шайыр апалардын улуттук кийимине жана Мамат Оморовдун 85 жылдыгын белгилөөдө 50 000 сом
Жалпы 500 000 сом ( беш жүз миң)
2. “Өзгөн районунун ичүүчү суу таза менен камсыздоо жана агындылоо агенствосу” муниципалдык биргелешкен ишканасына жалпы суммасы 2 264 320 сом бөлүнгөн ,евронун курсуна карап, жетпеген сумма бюджеттин I жарым жылдыктын аткарылышынын жыйынтыгы менен карап бекитип берүү белгиленсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» убактылуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |