Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 24-марты № 295
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып ,айылдык Кеңештин иштөө багытын бекемдөө укуктук базасын чыңдоо максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин токтомдоруна ылайык 2020-жылдын 1-июлунан баштап айылдык кеңештин жооптуу катчысынын жумуш орду айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине киргизилип , эмгек акы чегерилиши бекитилгендиктен , Мырза-Аке айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат орду айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине киргизилсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн өзгөртүлгөн штаттык бирдиги мыйзам чегинде бекитилсин.
3. Мыйзам чегинде токтоосуз аракеттенүү милдети айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясына комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |