Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-августу № 296
Мырза-Аке айылынын К.Датка көчөсүндө жайгашкан “Сами балбан” балдар бакчасынын ишмердигин токтоткондугу жөнүндө
Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын
32-беренесин жетекчиликке алып , мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык кеңешинин V ( чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XVII сессиясынын 24.09.2014-жылдагы № 100 сандуу токтомунун негизиндеги идентификациялык коду № 5-06-15-1001-3858 турак-жайга ачылган “Сами балбан” балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн токтоткондугу эске алынып , бакчаны жабууга уруксат берилсин.
2. Финансылык кыймыл , каржылоолорду толук токтотуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |