Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-августу № 297
“Санта эне”балдар бакчасын ачууга уруксат сураган арыз жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап , Социалдык маселелер ,жаштар саясаты,спорт,жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мыра-Аке айылынын тургуну Мирзакимов Алтынбек Маматжановичтин идентификациялык коду 5-06-15-1001-0638 менчик турак үйүнө 50 орундуу 2 тайпага ылайык « Санта эне ” балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетине ата-энелер төлөмүнүн , жеке ишкердин эсебинен бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып ,айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Өзгөн райондук финансы бөлүмүнөн суроо , мыйзам чегинде керектүү инстанцияларга кайрылуу аркылуу зарыл документтерди бүтүрүү жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин. Айылдык Кеңештин
Төрага | А.Кимсанов |