Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-августу № 298
Атабеков Кубаныч Каримовичтин арызы жөнүндө
«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылыны тургуну Атабеков Кубаныч Каримовичтин турак-жай багытындагы идентификациялык коду № 5-06-15-1001-1283 турак-үйүнүн жанына дүкөн ачууга жана жер тилкесинин максаттык багытын элге кызмат көрсөтүүчү имарат куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Азык- түлүк , курулуш жана турмуш- тирчилик буюмдары сатылуучу дүкөн курууга керектүү документтерин мыйзам чегинде , тиешелүү өкмөттүк көзөмөл аркылуу, уруксат берүүчү органдар менен макулдашуу , проектилөө маселелерин чечип берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |