Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-августу № 300
Атабаев Абдирахман Абдыраимовичтин арызы жөнүндө
«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылыны тургуну Атабаев Абдирахман Абдыраимовичтин идентификациялык коду № 5-06-15-1001-2369 от-казан ( кательный ) багытындагы жер тилкесинин максаттык багытын билим берүү багытындагы имарат курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Атабаев Абдирахман Абдыраимовичтин жеке менчик идентификациялык коду № 5-06-15-1001-2369 от-казан ( кательный ) багытындагы жер тилкесине өздөрүнүн жеке каражатынан балдарды окутуу борборуна , жеке менчик имаратын курууга макулдук берилсин.
3. Билим берүү багытындагы имарат курууга керектүү документтерин мыйзам чегинде , тиешелүү өкмөттүк көзөмөл аркылуу, уруксат берүүчү органдар менен макулдашуу , проектилөө маселелерин чечип берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеёештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |