Загрузка документа…
ДӨҢ БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №138
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы Т.Сарыков орто мектебинин жаңы имаратын курууга жер аянты аз болуп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү калктын макулдугу менен башкы планда көрсөтүлгөн жолду жогорудагы аянтка кошуп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын жыйынынын протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын башкы планына өзгөртүү киргизилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |