Загрузка документа…
ДӨҢ БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №146
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Паизабад участкасындагы сарайдын жер аянтынын ээси Газиев Аброржон Орунбаевичтин сарай салуу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Паизабад участкасындагы Газиев Аброржон Орунбаевичтин жеке менчиктеги сарайы күйүп, талкаланып жараксыз абалга жетип калгандыктан, тамеки сарайга зарылчылыгы жоктугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «жер» кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 токтомунун 3 главасынын негизинде сарай салуу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, турак жай салуу боюнча жазган арызын канаттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Тамеки” илимий өндүрүштүк айыл чарба кооперативинин сарайын сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Паизабад участкасындагы Газиев Аброржон Орунбаевичке 2016-жылдын 12-октябрындагы № 2016/18831 келишими менен берилген 648 кв метр жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп, турак жай салуу үчүн макулдук берилсин.
2. Жер аянтынын мамлекеттик актысынын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |