Загрузка документа…
ДӨҢ БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-мартындагы №147
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата 2019- жылдын бюджетине атайын каражат эсебине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свободный остаток) 236,8 (Эки жүз отуз алты миң сегиз жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ибадат чоң эне балдар бакчасындагы жылытуу системасы начар иштегендиктен дефектный актынын негизинде ремонт иштерине 2019-жылдан калган калдыктын эсебинен 172,5 миң сом акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Ибадат чоң эне балдар бакчасына бош (свабодный остаток) калган атайын каражат калдыктын эсебинен бала бакча бөлүмүнүн 31112290 беренесине 172,5 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |