Загрузка документа…
ДӨҢ БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу №148
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасынын балансында турган балдар бакчасынын имаратын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасынын балансында турган балдар бакчасынын имараты 1988-жылы курулган. Бүгүнкү күндө максаттуу пайдаланылбай, кароосуз калып, авариялык абалда турган балдар бакчасынын имаратын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жана айыл өкмөтүнүн тургундарын медициналык жактан тейлөө максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасынын балансында турган балдар бакчасынын имараты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси К.Жусуповко балдар бакчасын айыл өкмөтүнө кайтарып алуу боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |