Загрузка документа…
ДӨҢ БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу №150
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга шагыл төшөө жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга айыл окмотүнүн карамагындагы техникалар менен шагыл төгүүгө күйүүчү май сатып алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78“Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата 2019-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгү ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свободный остаток) калган калдыктардын эсебинен күйүүчү май сатып алуу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга шагыл төгүү үчүн күйүүчү май сатып алуу максатында айыл чарба бөлүмүнүн 22141100 беренесине жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдан (свободный остаток) калган калдыктын эсебинен 120,0 (бир жүз жыйырма мин) сом акча каражаты каралып аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |