Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 11/5
Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы айрым жер аянттарын Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомунун негизинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү бекитилген убактылуу жобонун талаптарына шайкеш келтирүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы айрым жер аянттарын Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомунун негизинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү бекитилген убактылуу жобонун талаптарына шайкеш келтирүү максатында Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 31.10.2018-жылдагы № 512 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа жана Сай айылдарынын аймагында ишке ашырылсын.
2. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен: Сай айылынын № 66 контурунун “Котур-Дөбө” участкасынан 5,0 (беш) га сугат айдоо, Сай айылынын № 217 контурунун “Ак-Талаа” участкасынан 4,0 (төрт) га сугат айдоо, Ылай-Талаа айылынын № 23 контурунун “Каманчы” участкасынан 9,0 (тогуз) га сугат айдоо, жалпысынан 18,0 (он сегиз) га сугат айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомунун убактылуу жобосунун талаптарына ылайык ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |