Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № XX-1
“Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин 2019-жылга жана 2020-2021-жылдарга болжолу” жөнүндөгү мыйзамга негиз,кошумча акча каражатын пландаштыруу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндө “Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин 2019-жылга жана 2020-2021-жылдарга болжолу” жөнүндөгү мыйзамга негиз,кошумча акча каражатын пландаштыруу максатында Найман айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин 2019-жылга жана 2020-2021-жылдарга болжолу” жөнүндөгү мыйзамга негиз,кошумча акча каражаты пландаштырылсын.
2. Айыл өкмөттүн бюджетинин 70823 бөлүмүнүн 281,2 мин сом акча каражаты “эмеректер жана жабдуулар”3112 статьясына,70629 бөлүмүнүн 58,2 мин сом “башка чыгымдар”2215 статьясына,70629 бөлүмүнүн 77,3 мин сом “имараттар жана курулмалар” 3111 статьясына киргизилсин.
3. Жогорудагы акча каражатын орнотуу жумуштары Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |