Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № XXIII-1
Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына калган калдык акчасын бөлүштүрүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен 2020-жылдын 1-январына калган 1200.1 миң сом калдык акчаны бөлүштүрүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2020-жылдын 1-январына калган 1200.1 мин сом калдык акчасы төмөнкү бөлүмдөргө бөлүнсүн:
-Башкаруу аппаратына (701) - 31,5 мин сом
-Экономикалык маселелер (704) - 247,6 мин сом
-ЖКХ бөлүмүнө (706) - 179,0 миң сом
-Маданият бөлүмү (708) - 390,0 мин сом
-Билим берүү бөлүмүнө (709) - 292,0 мин сом
-Социалдык коргоо бөлүмүнө (710) - 60,0 миң сом
2. Бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин “Экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |