Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № XXIII –3
Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдык акчадан Найман айылында жайгашкан № 18 УДТнын кааналарынын шыптарын капиталдык ремонттоого акча каражатын кароо жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдык акчадан Найман айылында жайгашкан №18 УДТ нын кааналарынын шыптарын капиталдык ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратуу максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдык акчадан Найман айылында жайгашкан №18 УДТнын кааналарынын шыптарын капиталдык ремонттоо үчүн 137 600 ( бир жүз отуз жети мин алты жүз ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алып, бөлүнгөн акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |