Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № XXIII –4
Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдык акчадан Участкалык милиция кызматкерлеринин кийим кечесине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Участкалык милиция кызматкерлеринин өтүнүч катынын негизинде кийим кечесине Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдык акчадан акча каражатын ажыратуу максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдык акчадан участкалык милиция кызматкерлеринин кийим кечесине 10 000 ( он мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алып, бөлүнгөн акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |