Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-августу № 31-1
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 24-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында таркалып жаткан “COVID-19” илдети жайылып жаткандыгына байланыштуу, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу “Жал” айылдык ооруканасына “Рентген” аппаратын алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин 2019-жылдын 29-декабрындагы кезектеги 24-сессиясынын №24-6 токтомундагы Сейдали Мойдунов атындагы спорт майданынын чыгыш тарабына спорттук комплекс куруу үчүн каралган акчадан 2 млн. 900,0 миң сом акча каражаты “Рентген” аппарат сатып алуу үчүн берилсин.
2. Акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Топчубаев |