Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-августу № 31-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө иштеген адистердин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн стимул катарында материалдык жардам берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө иштеген адистердин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн 31-август Кыргыз Республикасынын «Эгемендүүлүк күнү» майрамына карата Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 6 бөлүмүнүн 31-беренесинин 6-7-10-пунктарына негиз таянып кызматкерлердин социалдык-тиричилик маселелерин чечүү максатында, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө иштеген адистердин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдарын эске алып, социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн стимул катары кызматкерлерге 1000 (бир миң) сомдон материалдык жардам көрсөтүлсүн. Жалпысы 30 000 (отуз миң) сом төлөнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А.Топчубаев |