Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-июлу №24/6
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Сарыгулов Акболуш Орозбаевичтин өзүнүн жеке менчик турак үйүнө таандык жер участкасынын ичине, дүкөн курууга айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарып берүү боюнча жазган арызын канааттандыруу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Сарыгулов Акболуш Орозбаевичтин арызын канааттандыруу максатында жана коду № 5-01-01-1004-0106 менен катталган жеке менчик жер участкасынын тиешелүү регистрациялык делосун,ошондой эле Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «жер» кодексинин 49-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Сарыгулов Акболуш Орозбаевичтин өзүнүн жеке менчик турак үйүнө таандык 1404,00 чарчы метр жеринин ичинен, дүкөн куруу үчүн 58,8 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2 .Тиешелүү юридикалык документтерин Сарыгулов Акболуш Орозбаевичтин наамына даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге сунуш кылынсын.
З. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маташов |