Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-июлу №24/7
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Эргешов Алайбек Жумабековичтин өзүнүн жеке менчик турак үйүнө таандык жер участкасынын ичине, ашкана курууга айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарып берүү боюнча жазган арызын канааттандыруу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Эргешов Алайбек Жумабековичтин арызын канааттандыруу максатында жана коду № 5-01-01-1004-0241 менен катталган жеке менчик жер участкасынын тиешелүү регистрациялык делосун, ошондой эле Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «жер» кодексинин 49-беренесинин 1 -пуңктунун 6-пуңктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Эргешов Алайбек Жумабековичтин өзүнүн жеке менчик турак үйүнө таандык 2251,50 чарчы метр жеринин ичинен, ашкана куруу үчүн 82,5 чарчы метр болгон жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык документтерин Эргешов Алайбек Жумабековичтин наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маташов |