Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры №27/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Көлдүк айылындагы мечит жайгашкан жерине, спорт аянтчасын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 26-апрель 2004-жылындагы №30 сандуу токтомунун негизинде, Көлдүк айылындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтына, спорт аянтчасын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын «жер» кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүмчөсү,12-беренесинин 1-2-бөлүмчөлөрүнө ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылында жайгашкан 5-01-01-1003-0074 идентификациялык сыр белгидеги мечитке тиешелүү муниципалдык менчикте турган жер тилкесинин максаттуу багыты өзгөртүлүп, спорт аянтчасын куруу үчүн 968,00 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 330,00 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Көлдүк айылындагы мечитине 638,00 чарчы метр жер аянты бекитилип берилсин.
3. Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынын директору Т.Тажиковго сунуш кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |