Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры №29/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2019-жылдагы аткарылышы жана 2020-жылга милдеттери жөнүндө
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2019-жылдагы аткарылышы жана 2020-жылга милдеттери жөнүндөгү айыл өкмөттүн экономист-сатисти А.Бабыевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин VI чакырылышынын ХXIХ кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2019-жылдагы аткарылгандыгы белгиленсин
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү планы жактырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын тескөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Назиев Гамбар Алатооевичке жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |