Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры №29/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2020- жылдын маалыматы 2020-жылга бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХIX кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 21608,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен такталган пландын негизинде 31515,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата белгиленген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 13975,3 миң сом жана чыгаша бөлүгү 13975,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинде, теңдөөчү грант 7964,5 миң сом, өздүк кирешелер 6010,8 миң сомго, анын ичинде атайын каражат 650,0 миң сомго бекитилсин.
4. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн белгиленген бюджетинин долбоору 2021-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө 14799,4 миң сом анын ичинен теңдөөчү грант 7564,6миң сом, өздүк кирешелер 7234,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин, ал эми 2022-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнө 15094,4 миң сом анын ичинен теңдөөчү грант 7591,6миң сом, өздүк кирешелер 7502,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Жергиликтүү түшкөн кирешелерден сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн каржылоосуна калаары аныкталсын жана жыл ичинде түшкөн кирешелердин пландан ашыкчасы жана бир статьядан, бир статьяга жылдыруу айыл кеңешинин сессиясында каралып керектөөгө жараша аныкталсын.
6. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша пункттары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу менен ар бир статьянын жумшалышына камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ч.Пайзылдаевга тапшырылсын.
Төрага | Н.Маташов |