Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры № 29/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115- беренесине ылайык 2020-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыкты жылдын жыйынтыгы менен сметага киргизүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХIX кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыкты жылдын жыйынтыгы менен депутаттардын жана бюджеттик комиссиясынын корутундусунун негизинде сметага киргизилсин.
2. Калган калдыктын расчетторун түзүп, чыгымдалышына аткаруу менен ар бир статьянын жумшалышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Пайзылдаевге тапшырылсын.
3. Сметага кошумча киргизүү жана бекитип берүү жагы атайын эсептөөлөрдүн негизинде Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | Н.Маташов |