Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры № 29/5
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 6010,8 миң сом калган калдык акча каражатын, 2020-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын, 2020-жылдын бюджетине иштетүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Атабаев жана айыл өкмөтүнүн башчысы Тажибаев Жумабек Алановичтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХIX кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата 2019-жылдан пайдаланылбай калган 9774,9 миң сом анын ичинде атайын каражаттар эсебинде 68,7 миң сом калдык акча каражатын 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2.Айылдык кеңештин отурумунда талкууланган 2020-жылдын 1-январына карата 2019-жылдан пайдаланылбай калган 9774,9 миң сом анын ичинде атайын каражаттар эсебинде 68,7мин сом акча каражаты 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө, айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инветицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Назиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |