Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры №29/6
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал №30 «Чүрөк эне» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2019-2020-жыл үчүн белгилөө жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу №30 «Чүрөк эне» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине, ата-энелерден алынуучу төлөмдөр жана 2 (эки) ай июль, август айлары үчүн каникулга чыгуу жөнүндө ата-энелер чогулушунун протоколу менен таанышып жана талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХIX кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу №30 «Чүрөк эне» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине, ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу №30 «Чүрөк эне» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине, ата-энелерден алынуучу төлөмдөрү өз убагында топтоп, аны мыйзам чегинде иштетүү №30 «Чүрөк эне» мектепке чейинки билим берүү уюму ,мекемесинин башчысы Ж.Жумагулова милдеттендирилсин.
3. 2020-жылдын июль, август айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланышту 2 (эки) ай каникул берилиши жана ата-энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.
4. Ата-энелер тарабынан берилүүчү төлөмдөрдү антимонополия агентигинен бекитип келүү жагы №30 «Чүрөк эне» мектепке чейинки билим берүү уюму, мекемесинин башчысы Ж.Жумагулова милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Пайзылдаев милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маташов |