Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры №29/8
Сопу-Коргон айылындагы футбол аянтына ойногондор үчүн акы төлөө, тарифин бекитүү жөнүндө
Сопу-Коргон айылындагы футбол аянтына ойногондор үчүн акы төлөө, тарифин бекитүү максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ IX отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сопу-Коргон айылындагы футбол аянтынын тарифи, К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн 1 саатына 300 сомдон бекитилсин.
2. Башка айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн, 1 саатына 400 сомдон бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн окуучулары үчүн кружок сабактары акысыз жана мугалимдердин катышуусунда ойнотуу жагы каралсын.
4. Мектеп окуучулары үчүн саат 19-00 дөн кийин, ойноого уруксат берилбесин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси Б.Машаевге жана футбол аянтынын көзөмөлдөөчүсү М.Абдылдаевге жүктөлсүн.
6. Жарандардын техникалык коопсуздугун сактоо боюнча инструкция берүү жагы футбол аянтынын көзөмөлдөөчүсү М.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маташов |