Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры №29/9
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Таргалак айылынын таза суу пайдалануучулардын суу төлөмдөрүнүн акысы жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Таргалак айылынын таза суу пайдалануучулардын суу төлөмдөрүнө акы алуу максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIX отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Үйүнө киргизгендер үчүн (ай сайын) 100 (жүз) сом, көчөдөн ичкендер үчүн 50 (элүү) сом төлөнсүн.
2. Үйгө суу түтүгүн киргизүү үчүн айыл өкмөттөн жана айыл өкмөтүнө караштуу Таргалак таза суу ишканасынан ураксат алуу үчүн 1500 (бир миң беш жүз) сом төлөнсүн жана уруксат албай киргизгендерге Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексине ылайык чара көрүлсүн.
3. Элдерден акча чогултууда квитанция берилип, чогулган акча боюнча 6 (алты) айда бир жолу суу пайдалануучуларга отчет берилсин.
4. Таза сууга пайдаланууга колдонула турган трубанын диаметри 0,15 см ден өтбөсүн.
5. Таза суу үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн көлөмүн антимонополиялык агенттиктен бекиттирип келүү жагы, Таргалак таза суусунун жетекчиси Султанов Сулайманга жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таргалак айылынын айыл башчысы К.Тоокебаевге тапшырылсын.
Төрага | Н.Маташов |