Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №30/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы 26.12.2019-жыл сатуу сатып алуу келишими № 2019-5149 муниципалдык менчикте турган жер аянтын, балдар-бакчасына пайдаланууга жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтын, балдар-бакчасына пайдаланууга Кыргыз Республикасынын «жер» кодексинин 49-беренесинин 1-6-бөлүмчөсү,12- беренесинин 1-2-бөлүмчөлөрүнө ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХХ отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 . К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылында жайгашкан 5-01-01-1007-0371 идентификациялык сыр белгидеги муниципалдык менчикте турган жер тилкесинин максаттуу багыты өзгөртүлүп, балдар- бакчасына пайдаланууга 1225,00 м кв жер тилкеси бекитилип берилсин.
2. Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жаты Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
З. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |