Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-марты №32/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылында жайгашкан тартуулоо келишими 23.03.2020-жыл № 2020-1315 муниципалдык менчикте турган жер тилкесине айыл тургундарынын арызынын негизинде мечит куруу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылында жайгашкан коду № 5-01-01-1007-0374 менен катталган муниципалдык менчикте турган жер тилкесине мечит куруу үчүн Кыргыз Республикасынын «жер» кодексинин 32- беренесинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХХII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер тилкесине мечит куруу үчүн 435,60 чарчы метр жер аянты бекитилип берилсин.
2 .Тиешелүү юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
З. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маташов |