Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 09-июну №33/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылынын тургуну Сатыш уулу Жаңыбайдын жер сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Чий-Талаа айылындагы калктуу конуштун чегинде эч кимге тиешеси жок бош жаткан жер аянтына турак үй куруу үчүн Кыргыз Республикасынын «жер» кодексинин 32-беренесинин 1-5-бөлүмчөлөрүнө ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылында жайгашкан калктуу конуштун чегинде эч кимге тиешеси жок бош жаткан жер тилкесин турак үй куруу үчүн 1080.0 чарчы метр жер аянты Сатыш уулу Жаңыбайга бөлүнүп берилсин.
2. Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы этика жана мыйзамдуулукту сактоо комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |