Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 09-июну №33/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Таргалак айылынын айыл башчысы Тоокебаев Келдибек Бакыевичтин жазган арызын канаттандыруу жөнүндө
Таргалак айылына таза суу түтүгүнүн кампа, кароолкана жана хлоркана курулушуна өзүнүн карамагында турган огород жеринен жер бергендиги үчүн эч кимге тиешеси жок бош жаткан жерден тоют даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын «жер» кодексинин 32-беренесинин 1-2-бөлүмчөлөрүнө ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Таргалак айылында жайгашкан эч кимге тиешеси жок бош жаткан жер тилкесинен тоют даярдоо үчүн 2100 чарчы метр жер аянты Тоокебаев Келдибек Бакыевичке бөлүнүп берилсин.
2. Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап мамлекеттик каттодон өткөрүү жагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси Б.Машаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |