Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 09-июну №33/5
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешине жоопттуу катчынын штатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомдорунда калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймактарынын айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын штаттык кызмат орду жана айлык акылары каралган. К.Белекбаев атындагы Алай айыл аймагында калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 9672 түзгөн. Жогорудагылардын негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагында калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 9672 түзгөндүктөн, айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат орду бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын айлык акысын эсептөө үчүн токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай башкармалыгына берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маташов |