Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 09-июну №33/6
“К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 31-январь 2018-жылдагы VI чакырылышынын кезексиз ХII отурумунун №12/2 токтомундагы, айыл өкмөтүнө караштуу “Сопу-Коргон” жайыт комитетине берилген техниканы пайдаланып, көрсөткөн кызматы үчүн алынуучу тарифтерди бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык,алынган каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
“К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 31-январь 2018-жылдагы VI чакырылышынын кезексиз ХII отурумунун №12/2 токтомундагы, айыл өкмөтүнө караштуу “Сопу-Коргон” жайыт комитетине берилген техниканы пайдаланып, көрсөткөн кызматы үчүн алынуучу тарифтерди бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык, алынган каражатты бөлүштүрүү максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 31-январь 2018-жылдагы VI чакырылышынын кезексиз ХII отурумунун №12/2 токтомундагы, айыл өкмөтүнө караштуу “Сопу-Коргон” жайыт комитетине берилген техниканы пайдаланып,көрсөткөн кызматы үчүн алынуучу тарифтерди бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык, алынган каражат төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлсүн.
40 % аймактагы жайыттын жолдорунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн.
40 % күйүүчү, майлоочу майлары үчүн
20% техниканы башкаруучунун кызмат акысы үчүн
2. Айыл өкмөтүнүн “Сопу-Коргон” жайыт комитетине берилген техниканы пайдаланып, көрсөткөн кызматы үчүн келип түшкөн каражаттарды максаттуу пайдаланып, жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга багыттоо милдети жайыт комитетинин төрагасы Н.Назарбаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге, көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына, тапшырылсын.
Төрага | Н.Маташов |