Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №8/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2018-жылга аткарылышы, 2019-жылга маалыматы, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2018-жылга аткарылышы, 2019-жылга маалыматы, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Сагынбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 8 – отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга киреше бөлүгү 8735,7 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 759,8 миң сом, теңдөөчү грант 4309,0 миң сом, атайын каражаттар 140,0 миң сомго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средства передаваемый) 1270,7 миң сомго, откөн жылдан калган калдык 999,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 6257,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 5389,4 миң сомго, анын ичинен теңдөөчү грант 3851,6 миң сомго, өздүк кирешеси 1537,8 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 140,0 миң сом) бекитилсин.
3. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 5431,1 миң сомго, анынг ичинен: теңдөөчү грант 3662,3миң сом, өздүк киреше 1768,8 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 140,0 миң сом), 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 5481,0 миң сомго, анын ичинен: теңдөөчү грант 3640,2 миң сом, өздүк киреше 1840,8 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 140,0 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
5. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өзубагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ш.Акаев |