Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 8/5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнү ишке ашыруу максатында Департаменттин кол коюлган келишимди бекитүү жөнүндө
“Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келишимдин шарттары жана өткөрүп берилүүчү ыйгарым укуктардын тизмеги менен таанышып, угуп талкуулап Кабылан- Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2019-жылдын 20-декабрындагы № 231/8343 сандуу каты жетекчилике алынып, аткарылышы камсыз кылынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнү ишке ашыруу максатында Департаменттин кол коюлган “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кабылан-Көл айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кабылан- Көл айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Ш.Акаев |