КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 8- отуруму
2019-жылдын 24-декабры № 8/6
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Баткен согушунун катышуучуларын салыктан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы «салык» кодексинин негизинде Республикалык Баткен согушунун Ардагерлер Кеңеши коомдук бирикмесинин Алай районундагы филиалынын 2019-жылдын 23-октябрындагы № 48/48 сандуу катында берилген Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Баткен согушунун ардагерлеринин тизмесин карап чыгып, Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Республикалык Баткен согушунун Ардагерлер Кеңеши коомдук бирикмесинин Алай районундагы филиалынын 2019-жылдын 23-октябрындагы № 48/48 сандуу каты жетекчилике алынып, аткарылышы камсыз кылынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы салык кодексинин негизинде Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Баткен согушунун ардагерлеринин тизмеси такталып, жергиликтүү салыктардан 50 пайызга мыйзамдын чегинде бошотулушсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кабылан- Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге жана айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Ш.Акаев |