Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы № 9/1
Ашыкча ысырапкерчилик, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча айыл өкмөттүн жүргүзгөн иштери жөнүндө
Ашыкча ысырапкерчилик, каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча айылдык кенештин депутаты Маматумаров Жоомарттын маалыматын угуп талкуулап, Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 9-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен айыл өкмөтүнүн калкынын жашоо турмушундагы экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо бүгүнкү отурумдун негизги максаты болуп эсептелсин.
2. Ашыкча каада салт, ырым-жырымдарды ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөтүндөгү ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринен, айыл аксакалдарынан, айыл имамдарынан кошулуп, атайын комиссия түзүлсүн, жамааттарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө, ага кетүүчү ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барылсын.
3. Айыл өкмөтүндөгү аппарат кызматкерлерине, мекеме-ишкана жетекчилерине жана кызматкерлерине, дин өкүлдөрүнө, жергиликтүү кенештин депутаттарына комиссиянын курамы менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана активдүү катышуу жоопкерчилиги жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Акаев |