Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 04-февралы № 9/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык китепкананын элди тейлөөдөгү жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык китепкананын элди тейлөөдөгү жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө депутат Кулчакова Венеранын маалыматын угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык китепкананын элди тейлөөдөгү жүргүзгөн иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен иштин жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калкты тейлөөдө алгылыктуу кызмат көрсөтүү, өз убагында китептерди тактап, карточкаларды түзүү айылдык китепкананын башчысы Асел Омуралиевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге , көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Акаев |