Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 04-февралы № 9/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын, арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын, арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө депутат Н.Масабировдун билдирүүсун угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын , арендалардын жана жайыт комитетинин пландары толук аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ижарага берилген жерлердин аренда акысы үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо жайыт комитетинин төрагасы С.Сактановго жүктөлсүн.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктарды өз убагында жыйноо планды мезгилинде аткаруу салык боюнча башкы адис К.Абжалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге жүктөлсүн жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Акаев |