Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 04-февралы № 9/4
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, ардагерлер кенеши , Жаштар комитети менен ИИМ кызматкери менен байланышта иш алып баруусу жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, ардагерлер кенеши , Жаштар комитети менен ИИМ кызматкери менен байланышта иш алып баруусу жөнүндө депутат Таирбек уулу Бегалынын маалыматын угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, ардагерлер кеңеши, Жаштар комитети менен ИИМ кызматкери менен байланышта иш алып баруусу айылдагы тарбиялык иштер боюнча аткарган иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен бир топ иштер алып барылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, ардагерлер кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча мындан ары алгылыктуу иш аракеттерди алып баруу Аксакалдар сотунун төрагасы К.Абдымомуновго, Ардагерлер кенешинин төрагасы Д.Ташполотовго жана жаштар комитетинин төрагасы Б.Акылбековго милдеттендирилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Акаев |