Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-марты № 10/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү элди жайлоого көчүрүү жана чөп орунду жерлерди коруй турган кароолдорду шайлоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесинин негизинде, ошондой эле “ Жайыт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык жана элдик чогулуштардын протоколунун негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү элди жайлоого көчүрүүдө түшүндүрүү иштерин алып барылсын. Убагында жайлоого көчүрүүнү колго алуу Кара-Жыгач, Курулуш айылдарынын айыл башчысы Кадыркулов Убайдиллага жана Кабылан-Көл, Күңгөй айылдарынын айыл башчысы Темирмамат уулу Аматбекке жүктөлсүн.
Айыл аймагындагы чөп орунду жерлерди коруй турган кароолдор төмөдөгү айылдарда шайлансын:
Кара-Жыгач айылына: Акылбеков Абдибаит,
Кабылан-Көл айылына: Камчыев Кумар
Ормошов Эргеш
Курулуш айылына Пусуров Жээнали
Күңгөй айылына: Кадыркулов Шумкар
Эшаров Эрназар
2. Чөп орунду жерлерге малдарды чыгарбоо, чыккан малдарды айдап түшүп, кароолканаларга камоо, элдин малына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу кароолдорго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге көзөмөлдөө жагы жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Акаев |