Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 05-июну № 12/1
Калктын саламаттыгын сактоодо жана “Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, адамдардын арасында байланыштарды азайтуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, сырттан келген жарандарды каттоо жана түшүндүрүү иштеринин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги “Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, адамдардын арасында байланыштарды азайтуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №71 Жарлыгын турмушка ашыруу жөнүндө Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калктын саламаттыгын сактоодо жана “Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, адамдардын арасында байланыштарды азайтуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, сырттан келген жарандарды каттоо жана түшүндүрүү иштеринин аткарылышы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калктын саламаттыгын сактоодо жана “Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, адамдардын арасында байланыштарды азайтуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, сырттан келген жарандарды каттоо жана түшүндүрүү иштерин алып баруу айыл башчыларга жана айылдык эмкананын медицина кызматкерлерине милдеттендирилсин.
2. Коронавирус илдетине каршы иш-чараларды алдын-ала жүргүзүү, айыл аймагындагы медицина кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруу, коронавирус илдетине шектүү болгон жана башка жактан келген жарандардын тизмесин ар тараптуу медицина кызматкерлери тарабынан такталуусуна, аткаруусуна көзөмөлдүк кылуу, айылдарга залалсыздандыруу иштерин жүргүзүү жана башка илдетке каршы бардык алдын алуу иш-аракеттерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана демилгелүү топторго жүктөлсүн.
3. Кабылан-Көл айыл аймагында коронавирусдук инфекциясын (COVID-19) коркунучунун алдын алуу, жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча иш-чараларынын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн тургундарынын ден соолугуна кам көрүү үчүн айыл өкмөтүнө келген гуманитардык жардамдарды муктаж болгон жарандарга даректүү жеткирүү атайын буйрук менен бекитилген комиссиясынын чечими менен гана көзөмөлгө алынып таркатылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Акаев |