Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 05-июну № 12/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча ветеринардын аткарган иштеринин абалы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча ветеринардын ишинин аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча убагында эмдөөлөрдү жүргүзүү, эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу ветеринар Д. Ташполотовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Акаев |