Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 05-июну №12/4
Кабылан-Көл айыл аймагындагы үй салууга жарактуу жерлерди документтештирүү жана жарандарга жер чектеп берүүнүн абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл аймагындагы үй салууга жарактуу жерлерди документтештирүү жана жарандарга жер чектеп берүүнүн абалы жөнүндө талкуулап, Кабылан – Көл айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Турак жай салуу үчүн жер сурап кайрылган жарандардын арыздарын карап, Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү трансформация боло турган төмөндөгү жерлер: Кара-Жыгач айылынын Көп-Кыштоо участкасынан 10га, Кабылан-Көл айылынын Ак-Талаа участкасынан 4 га, Курулуш айылынын Курулуш участкасынан 3 га, Курулуш айылынын Сай участкасынан 10 га, Күңгөй айылынын Саз участкасынан 2 га жер аянттары трансформация кылынсын.
2. Трансформация кылуу үчүн тиешелүү мекемелерден: райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан , райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, райондук экотехинспекциясынан иш кагаздары бүткөндүгү белгиленсин жана ГПИ Кыргыз гипрозем институтунун Ош филиалына билдирүүлөр берилип, жооптору алынсын. Жогорудагы жерлер трансформация болгондон кийин турак жай салууга жер сурап кайрылган жарандардын арыздары канааттандырылып жер бөлүнүп берилсин.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү трансформация боло турган жерлерди документештирүү боюнча иш аракеттерди өз убагында аткаруу жер адиси С.Сактановго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Акаев |