Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры №40
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Гежиге, Ак-Жай айылдарынын элдик жыйынынын токтомун кароо жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Гежиге, Ак-Жай айылдарынын элдик жыйынында каралган, Гежиге айылында курулган мечитке ат коюуу максатында, Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсун талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик жыйында кабыл алынган токтомдо “Маматали ата атындагы мечит” деп атоо сунуш кылынгандыгы белгиленсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Гежиге, Ак-Жай айылдарынын элдик жыйынында белгиленген, Гежиге айылында жайгашкан мечитке “Маматали ата атындагы мечит” аты ыйгарылсын.
3. Гежиге айылындагы мечиттин атын “Маматали ата атындагы мечити” кылып каттоо тиешелүү органдардан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Өмүрзаков |