Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы №43/1
Участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнундөгу» мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссияларыныннегизги курамын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Үч-Төбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 36 отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында №5121 Ак-Босого, №5122 Кызыл-Алай, №5123 Чоң-Каракол, №5124 Кичи-Каракол, участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамы жана резервинин курамы түзүлсүн.
Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамын жана резервинин курамын бекитип берүү жагы суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Өмүрзаков |