Редакцияот 24.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 36- сессиясы

 

2020-жылдын 24-январы №43

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматынын Калкты жана Жарандык Абалдын Актыларын Каттоо департаментинин 20.12.2019-жылдагы №23-1/8343 катын негизде келген келишимдин долбоорун угуп жана талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчилике алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматынын Калкты жана Жарандык Абалдын Актыларын Каттоо департаменти менен Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн түзгөн келишими бекитилсин;

2. Ушул токтомдун аткарылышы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Акматовго тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Өмүрзаков